Лорд-Хау (англ. Lord Howe Island) — бумеранг сымал, түндүктөн түштүккө 10 км созулган жана туурасы болжол менен 2 км болгон кичинекей жанар тоо аралы.

Лорд-Хау аралынын расмий эмес желеги
Лорд-Хау аралы

31°33′15″ ю. ш. 159°05′06″ в. д.HGЯO - координаттары боюнча жайгашкан.

Бул арал Австралияга таандык (Жаңы Түштүк Уэльс штатынын курамына кирет жана өзүнчө аймак катары эсептелет). Ички өзүн-өзү башкарууга макамына ээ.

Тасман деңизинде, Сидней шаарынын түндүк-чыгышында 770 км алыстыкта жана Жаңы Каледония аралынын түштүк-батышында 1200 км алыстыкта жайгашкан. Арал Австралиянын континенттик жээги менен ага таандык Норфолк аралынын ортосунда жайгашкан[1]. Лорд Хоу аралынын аянты 14,55 км²[2]. Туруктуу жашаган калкынын саны - 347 адам, ошол эле бир учурда аралда 400 туристтерге барууга уруксат берилген[3].

Экономика түзөтүү

Азыркы мезгилде аралдын экономикасы туризмге негизделген. Ошондой эле декоративдик өсүмдүк катары кеңири колдонулган эндемикалык Howea forsteriana пальмасынын үрөнү экспортко чыгарылат.

Галерея түзөтүү

Дагы окуңуз түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. Draft Report: Review of the Lord Howe Island Act of 1954(англисче)
  2. Islands of Australia (англисче)
  3. 2006 Census QuickStats- Lord Howe Island (Statistical Local Area)(жеткиликсиз шилтеме) (англисче)

Тышкы шилтемелер түзөтүү