Лоренц кайра түзүүсүЭйнштейндин салыштырмалуулук теориясынын постулаттарынын негизинде алынган эки галилей (инерциялуу) координата системаларын өз ара байланыштыруучу координаталык өзгөртүү. Лоренц кайра түзүүсү физикалык жактан бири-бирине карата V ылдамдык менен кыймылдаган эсептөөнү баштоонун инерциялуу системасындагы 4 өлчөмдүү мейкиндиктин координаталарынын өзгөрүш законун, ал эми математикалык жактан псевдоевклиддик метрикалуу тегиздикти Y бурчуна гиперболалык бурууну мүнөздөйт. Лоренц кайра түзүүсү ньютондук абсолюттук убакыт жок экендигин жана убакыт менен мейкиндик салыштырмалуу касиетке ээ экендигин далилдейт. Лоренц кайра түзүүсүнүн негизинде нерсенин узундугу жана убакыт абсолюттук эмес жана ар башка инерциялуу системада ар башка мааниге ээ экендигин далилдейт. Лоренц кайра түзүүсү боюнча жаратылыштагы бардык физикалык закондор инварианттуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7