Лотерея (фр. loterie, голландча lot – чек, утуш дегенден) – лотерея билеттерин сатуу аркылуу мамлекеттин же аны уюштурган уюмдун элдеги эркин акча каражаттарын ыктыярдуу чогултуунун формасы; киреше жана чыгымдар лоттон сууруп алынган билет боюнча жүргүзүлгөн кумар оюну. Лотереядан түшкөн каражаттын бир бөлүгү утуштарга (акчалай жана белек катары) кетсе, калганы уюштуруучуларга, мамлекетке (салык түрүндө) жана башкаларга таандык болот. Лотерея 2-кылымда Кытайда, 15-кылымда Голландияда, 1530–31-ж. Италияда жана Францияда, ал эми расмий жазуу тарыхый булактары боюнча Брюггеде 1466-ж. ойнотулган. Лотерея өзүнө кардарды тартуу үчүн кооз, көркөм (утуштардын сүрөтү менен) жасалат. Лотереялар катышуу боюнча – активдүү, пассивдүү жана активдүүпассивдүү; утуш түрүнө карата – тираж, дароо (спринт) жана аралаш; өткөрүү жери боюнча – жергиликтүү, республикалык жана эл аралык, ошондой эле стимул берген (ишкана жарнамасы), лото (тотализатор аркылуу), бинго жана башкага бөлүнөт. Көп өлкөлөрдө лотереяларды муниципалитеттер, кайрымдуулук уюмдары жана башкалар өткөрөт. Азыркы учурда өбөлгө болуучу лотереялар күч алууда. Кыргызстанда тираж («Кыргыз лото» жана башка), спринт (ордунан утушту дароо берген), (тамеки, чай жана башка нерселерди сатуучу), бинго (оюн залында өткөрүлүүчү) жана башка түрлөрү кеңири тараган.

Баян түзөтүү

Жолум такталган тартылган тараза жасашынын жараат бир гана оюнчу башынан мырза Анатолий, 50 000 Hryvnia утуп алууга жетишкен (экинчи тарап сүйл көтөрүп жок боло элек).[1]

Бүгүнкү күндө Россияда Лотереялар эки лотерея бренддери тарабынан таратылат — Столото жана Улуттук Лотерея.[2][3][4]

Жазуулар түзөтүү

  1. Lotto-Fun.. Текшерилген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 27 -сентябрь (аяк оона) 2020.
  2. https://versia.ru/armen-sarkisyan-i-ego-gruppa-kompanij-sozdali-centr-nauchnyx-razrabotok-dlya-liftovoj-industrii
  3. https://to-name.ru/biography/armen-sarkisjan.htm
  4. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 -июнь (кулжа) 2023. Түп булактан архивделген күнү 13 Апрель 2021.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7