Лоялдуулук (англ, loyal - убадада турган, берилген) - коом, мамлекет, индивид,түрдүү катмардагы социалдык топтордун өз ара аракетинин саясий-психологиялык маанилүү механизми.

XVII к. Англияда Лоялдуулук деп, революция мезгилинде монархиялык түзүлүштү жактоочуларды аташкан. Негизинен Лоялдуулук жаран деп - ак ниет, берилген, мыйзамды сыйлаган индивидди айтышат. Лоялдуулук феноменинде ички жана тышкы, инсандын социалдык жактарын бөлүп караса болот. Лоялдуулук термини биринчи ирет социалдык-саясий институттарга, айрыкча мамлекетке карата так аныкталат. Көп өлкөлөрдө Лоялдуулук сакталат, бирок айрымдарында жалданма жумушчуларды кожоюнга карата мамилеси өзгөргөндөй эле жарандардын Лоялдуулукка мамилеси төмөндөп бара жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8