ЛуараФранциядагы эң узун дарыя. Узундугу 1012 км, алабынын аянты 115 миң км2. Севенн тоосунан башталып, Борбордук Франция массиви жана Луара ойдуңу аркылуу агып, Атлантика океанынын Бискай булуңуна куят. Негизги куймалары: Алье, Шер, Вьенна (сол). Дарыя өтө ташкындаганда Луаранын ортонку жана төмөнкү агымдарындагы өрөөндөрдү суу каптагандыктан, жээктерине тосмолор курулган. Суусу февраль, март айларында кирип, август, сентябрда тартылат. Деңиз ташкынынын таасири Нант шаарына чейин байкалат. Орточо чыгымы 800 м3/секдан ашык. Роан шаарына чейин (айрым бөлүгүндө канал менен) кеме жүрөт; каналдар аркылуу Сена, Сона, Рейн дарыясы менен туташат. Боюнан Орлеан, Тур, Нант (деңиз кеме жолунун башталышы) шаары, эстуарийинен Сен-Назер порту орун алган. Өрөөнүндө 15–16-кылымга таандык сепилдер бар.

Луара
Loire
Жайгашкан орду
Өлкө Франция

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7