Луиза Флетчер

америкалык актриса

Эстелл Луиза Флетчер (англ. Louise Fletcher;1934-жылы 22-июлда туулган) — «Оскар» сыйлыгына татыган америкалык актриса. Ал өз дебютун 1958-жылдагы «Янсинин тапанчасы» сериалы менен жасаган. Ал эми 1959-жылдагы «Поезддин вагону» сериалында жаш эненин ролун аткарган. Андан тышкары «Бизге окшогон уурулар» (1974) тасмасына да катышкан. Кийинки жылы Флетчер «Күкүктүн уясынан учуп баратып» (1975) тасмасында улук мээрмандын образын жаратуу менен эл аралык деңгээлде таанымал боло баштаган. Бул ролу үчүн ал «Оскардын» «Эң мыкты актриса», «БАФТАнын» «Башкы ролдогу эң мыкты актриса» жана «Алтын глобустун» «Эң мыкты актриса» наамдарына ээ болгон. Ал бир эле аткарган ролу үчүн «Оскардын», «БАФТАнын» жана «Алтын глобустун» сыйлыгына татыган үч актрисанын бири болуп саналат. Мындай наамга татыган дагы эки актриса Одри Хепбөрн менен Лиза Миннелли болуп эсептелет. Ал образ жараткан башка көрүнүктүү тасмаларага «Жин чыгаргыч II» (1977), «Мээ бороону» (1983), «От алдыргыч» (1984), «Чатырдагы гүлдөр» (1987), «Өрөөндөгү эки күн» (1996) жана «Аёосуз ниеттер» (1999) кирет.

Кийинчерээк Флетчер өз карьерасында телесериал тармагына ооп кетип, «Жылдыз жолу: Терең аалам 9» сериалында Ведектин, андан кийин Кай Уинн Адаминин ролдорун аткарган. Ошондой эле «Бийик тосмолор» жана «Аркадиялык Жоан» сериалында конок актриса катары катышып, «Эмми» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал жакында эле 2011 жана 2012-жылдагы «Showtime» телеканалынын «Уятсыздар» сериалында өз образын кайра жараткан. Тасмада ал киши өлтүргөнү үчүн абак жазасын өтөп жүргөн, оор турмушту баштан өткөргөн жана оозу жаман эненин ролун аткарат.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү