Луиз Чемберлен — 2019-жылдын май айынан бери Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү.

Луиз Чемберлен
2019-2023 жж. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү
Ишмердүүлүк тармагы:

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы

Чемберлен илим магистринин даражасын (бизнес жана экономика),1996-жылы Щвециянын Стокгольмдогу «Стокгольм экономика мектебинде» алган[1].

Өмүр баян түзөтүү

Карьера түзөтүү

Луиз Чемберлен карьералык жолун 1994-жылы Швециянын Стокгольм шаарында "Ньюсек АБ" АКда инвестиция боюнча насаатчы катары баштаган. 1999-2000-жылдары Палестинадагы БУУӨПнын жергиликтүү Айылды өнүктүрүү долбоорунун баалоочу жана мониторинг боюнча жардамчысы болуп БУУӨПтөгү карьерасын баштады.

2003-жылдан 2008-жылга чейинки мезгилде, Чемберлен БУУӨПнын Шри-Ланкадагы жана Сомалидеги программалары боюнча Туруктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп, 2008-жылдын 2012-жылга чейинки мезгилде, Танзаниядагы БУУӨПнын өлкө боюнча программалык иш-аракеттери боюнча директорунун орунбасары болуп иштеген. 2012-жылдын 2018-жылга чейинки мезгилде, ал Вьетнамдагы (Август 2012 -  июль 2017) жана Эфиопиядагы (июль 2017 - ноябрь 2018) БУУӨПнын өлкө боюнча директору болуп иштеген. 2018-жылдын декабрынан 2019-майына чейин, Чемберлен Эфиопиянын БУУӨП туруктуу өкүлүнүн милдеттүү аткаруучусу болуп, Эфиопиянын БУУӨПнын ишине көзөмөл салган[1]. 2019-жылдын май айында Кыргыз Республикасындагы БУУӨПнын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП түзөтүү

Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү түзөтүү

Луиз Чемберлендин жетекчилиги астында Климаттын өзгөрүүсү боюнча кластер түзүлүп, анын алкагында БУУӨП Кыргызстанга глобалдык вертикалдык фонддордон, анын ичинде Глобалдык экологиялык фонддон жана Жашыл климаттык фонддон олуттуу ресурстарды алууга жана ишке ашырууга жардам берди. БУУӨП тарабынан 16 долбоор ишке ашырылган, жалпы бюджети 25 397 355 АКШ долларын түзөт, ишке ашыруу 58%ды түзөт. Донорлор: Глобалдык экологиялык фонд (8 долбоор); Жашыл Климат Фонду (1 долбоор) KOICA, Япония, Россия Федерациясы, Швейцария, Улуу Британия өкмөттөрү.

Санариптештирүү жана туруктуу өсүү түзөтүү

Инновацияларды жана санариптештирүүнү колдоодо БУУӨП адам укуктарына негизделген мамилени колдонот, атап айтканда, бир жагынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн улуттук потенциалды жана инфраструктураны түзүүгө басым жасайт; экинчи жагынан, бул Кыргызстандын жарандарына санариптик сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет[2].

Мамлекеттик институттарга ишенимди арттыруу түзөтүү

БУУӨП Луиза Чемберлендин жетекчилиги астында Борбордук шайлоо комиссиясына узак мөөнөттүү стратегиялык жана ар тараптуу колдоо көрсөтүп, институттук жакшыртууга жана ачык-айкын, инклюзивдүү жана өкүлчүлүктүү шайлоолорго алып келди. БУУӨП шайлоочуларды каттоо жана биометрикалык идентификациялоо сыяктуу демилгелер аркылуу ачык-айкын жана тартиптүү шайлоону камсыз кылууда маанилүү роль ойноду. БУУӨП ошондой эле жаңы мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө, даректүү мамлекеттик институттардын потенциалын жогорулатууга жана технологиялык модернизациялоого, коомдук отчеттуулукту жакшыртууга, ачык-айкындуулукту жана инклюзивдүүлүктү жогорулатууга салым кошкон[3]. 17 мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлорун, 283 маалыматтык киоскторду жана мобилдик тейлөө борборлорун түзүү, өзгөчө алыскы райондордун жашоочулары жана калктын аялуу катмары үчүн мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртты (2018-жылы гана 3 миллиондон ашык)[3].

БУУӨПтун укуктук системаны модернизациялоодогу колдоосу сот адилеттигин жөнөкөйлөтүүгө, адам укуктарын коргоого жана бардык жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыздоого багытталган жаңы мыйзамдардын ишке киришине алып келди[4][5].

Гендердик теңчилик түзөтүү

Стратегиялык деңгээлде ПРООН БУУнун агенттиктери менен биргеликте Гендердик теңчиликтин жаңы стратегиясын (2021-2030) жана анын Иш-аракеттер планын иштеп чыгууга салым кошту[6][7]. Жыйынтыгында парламентте аялдардын укуктарын жана аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту улуттук мыйзамдык жана саясий күн тартибинин алкагында чечүү үчүн Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча Кеңеш түзүлдү[8][9].

БУУӨП аялдардын жана кыздардын коомго толук катышуусун камсыздоо жана алардын укуктарын кеңейтүү боюнча Өкмөттүн милдеттенмесин колдоду. Ошентип, ПРООН парламент тарабынан жактырылган мыйзамдын негизинде жергиликтүү кеңештерге 30%дык гендердик квотаны киргизүүнү жактады[10]. Гендердик зомбулук фактылары жөнүндө билдирүү үчүн 117 ишеним телефону түзүлдү.

Луиз Чемберлендин жетекчилиги астында укук коргоо органдары, прокурор, судьялар, Жогорку Кеңеш жана жарандык сектор менен тыгыз кызматташтыкта ИИМге мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча биринчи ведомстволук планын бекитүү үчүн гендердик өзүнө өзү баа берүүнү жүргүзүүдө колдоо көрсөтүлдү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясына жана ИИМге караштуу Республикалык окуу борборуна милиция кызматкерлерин гендердик зомубулктан жабыркагандарга кызмат көрсөтүүгө окутуу боюнча 40 сааттык модулдардын окуу пландарына интеграциялоо боюнча эксперттик колдоо көрсөтүү.

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 undp.org Лидерлик Текшерилген күн: 10 июль, 2023.
  2. undp.kg. БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандагы санариптештирүүнү жана инклюзивдүүлүктү колдойт (17.06.2021) Текшерилген күн: 12.07.2023.
  3. 3.0 3.1 undp.kg Кыргызстандагы шайлоого көмөктөшүү программасы. Текшерилген күн: 12.07.2023.
  4. В рамках проекта ЕС и ПрООН по модернизации и реабилитации ЦБД в министерство юстиции поступило новое серверное оборудование (11.09.2022). Текшерилген күн: 12.07.2023.
  5. undp.org Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды (21.10.2021) Текшерилген күн: 12.07.2023.
  6. Кыргызстан разработал стратегию по достижению гендерного равенства до 2030 года орус. (10.11.2021) Текшерилген күн: 12.07.2023.
  7. 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын
  8. kenesh.kg Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеш (23.08.2021) Текшерилген күн: 12.07.2023
  9. В Кыргызстане создан Совет по правам женщин при парламенте Archived 2023-07-12 at the Wayback Machine (орус.) Текшерилген күн: 12.07.2023.
  10. un.org Number of women in Kyrgyz local councils is increasing 27 May 2021 Текшерилген күн: 12.07.2023.