Александр Лукашенко

Лукашенко Александр Григорьевич‎»‎ барагынан багытталды)

Алекса́ндр Григо́рьевич Лукаше́нко (белар. Алякса́ндр Рыго́равіч Лукашэ́нка; 30-август 1954, Копысь, Оршан району, Витеб облусу, Беларус ССР, ССРС) — мамлекеттик жана саясий ишмер, Беларусь Республикасынын президенти (1994-жылдан), өлкөнүн Куралдуу күч-төрүнүн башкы командачысы, Беларусь Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы. А. А. Кулешов атындагы Могилёв педагогикалык институтун (1975), Беларуссия айыл чарба академиясын (1985) бүтүргөн. 1977–94-ж. советтик жана партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. Беларуссия Жогорку кеңешинин эл депутаты (1990-жылдан). Лукашенконун демилгеси менен Беларуссия Коллективдүү коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмуна мүчө (дек., 1993). Лукашенко Беларусь, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы уюму жөнүндөгү (январь, 1995) макулдашууга, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык чөйрөдөгү интеграцияны тереңдетүү жөнүндөгү келишимге (29. 3. 1996), Беларуссия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин ортосунда Евразия экономикалык коомчулугун түзүү жөнүндөгү келишимге (10. 10. 2000) кол коюуга катышкан. 2009-ж. Беларуссия ЕСтин «Чыгыш өнөктөштүгү» программасына кирген.

Александр Григорьевич Лукашенко
Александр Григорьевич Лукашенко
Желек
Желек
Беларусь Республикасынын президенти
 20-июль 1994-жылдан тарта
Өкмөт башчысы: Михаил Николаевич Чигирь,
Сергей Степанович Линг,
Владимир Васильевич Ермошин,
Геннадий Васильевич Новицкий,
Сергей Сергеевич Сидорский,
Михаил Владимирович Мясникович,
Андрей Владимирович Кобяков
Андан мурунку: Кызмат орун түзүлгөн
 
Жарандыгы:  ССРС
 Беларусь
Туулган жылы: 30-август 1954-жыл
Туулган жери: Копысь, Оршан району, Витеб облусу, Беларус ССР, ССРС
Апасы: Екатерина Трофимовна Лукашенко
Жубайы: Галина Родионовна Лукашенко
Балдары: уулдары: Виктор, Дмитрий, Николай
Партиясы: КПСС (1979-1991)
Билими: 1) Могилёв мамлекеттик педагогика институту
2) Беларус мамлекеттик айыл-чарба академиясы
Кесиби: 1)Тарых жана коом тануу мугалими
2) Экономист-уюштуруучу (айыл-чарба өндүрүш)
 
Сайты: president.gov.by

Ilham Aliyev

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7