Луксор

Луксор шаары‎»‎ барагынан багытталды)

ЛуксорМисирдеги музей-шаар. Нил дарыясынын (орто ченинде) оң өйүзүндө, Байыркы Мисирдин борбору Фиванын калдыктарынын арасында жайгашкан. Калкы 488 миң (2010). Биздин заманга чейин 21–11-кылымда Мисирдин борбору болгон. Аэропорту бар. Амон ийбадаткана комплекси (15–13-к.; колоннадалары, статуялары жана сфинкс аллеялары менен) байыркы Фиванын урандылары менен бирдикте Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Луксор – эл аралык туризмдин ири борбору. Кол өнөрчүлүк (өзгөчө белек-бечкектер) өнүккөн. Айыл чарбалуулуу райондун борбору.

Луксор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7