Лхаса келишими (1904) – Улуу Британия Тибетке таңуулаган келишим. 1903-ж. Улуу Британия Тибетке каршы куралдуу интервенция баштап, 1904-ж. 7-сентябрда Лхаса шаарында Улуу Британия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Тибеттин ак сөөктөрү түзүшкөн. Ал боюнча Улуу Британия Ятунг, Гарток жана Гьянтзе шаарында бажысыз соода жүргүзүү укугуна ээ болуп, Тибет бийлиги Британия өкмөтүнүн макулдугусуз башка мамлекеттин өкүлдөрүн киргизбөөгө тийиш болгон. Мындан тышкары Тибетке 500 миң фунт стерлинг контрибуция салынып, аны төлөмөйүн Чумби өрөөнү Англиянын оккупациясында калган.

Лхаса келишимине үчүн кол коюу аземи болду (1904)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7