Лысенко, Николай Витальевич

Лысенко, Николай Витальевич (10 (22). 3. 1842-24. 10(6. И). 1912) — украин композитору, дирижёр, педа­гог, фольклорист, улуттук муз. мектептин негиздөөчү.

  • 1864-ж. Киев унверситетин, 1867—69-ж. Лейпциг консерваториясынын фортепиано жана компози­ция курсун бүтүргөн.
  • 1874—76-ж. Пе­тербург консерваториясында Н. А. Римский-Корсаковдон таалим алган.
  • 1904-ж. Киевде муз. драма мектебин ачкан (1918-жылдан анын ысмында­гы Жог. муз. драма инстситуту). 20дай опералык чыгарманын автору. Лысенконун мыкты опералык чыгармасы — баатырдык-романтикалык «Тарас Буль­ба» операсы (1890-ж. жазылып, 1924-ж. Харьковдо коюлган). Мындан башка да ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жараткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.