Лысенко Трофим Денисович
Лысенко, Трофим Денисович (17 (29). 9. 1898—17. 12. 1976) — сов. агроном жана биолог.
- СССР ИАнын (1939), УССР ИАнын (1934), ВАСХНИЛдин (1935) акад., президента (1938—56 ж-а 1961—62).
- Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945). Киев а. ч. институтун бүтүргөн (1925).
- 1922—29-ж. Украинадагы, Азербайжандагы тажрыйба (селекция) станцияларында иштеген.
- Одессадагы Бүткүл союздук селекция-генетика институтунун илимий кызматкери (1929—34), ил. жетекчиси, кийин директору (1934—38), СССР ИАнын Генетика институнун директору (1940— 65).
- Өсүмдүктөрдүн стадиялык өөрчүш теориясын, бир топ агротех. метод менен ыкманы иштеп чыккан.
- Лысенконун бнр катар теориялык жобосу менен сунушу тажрыйбада ырасталбай калган.
- СССР Жог. Советинин (1—6- шайл.) депутаты. СССР мамл. сыйл. лауреаты. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.