Люлька Архип Михайлович
Люлька Архип Михайлович (укр. Архи́п Миха́йлович Лю́лька; 1908 — 1984)— сов. конcтруктор.
- СССР ИАнын акад. (1968; корр. мүчө, 1960).
- Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). 1947-жылдан КПСС мүчөсү.
- Киев политех, институтун бүтүп (1931), авиация өнөр жайында (Харьков, Ленинград, Москва) иштеген.
- 1933—37-ж. газ турбинасын авиад. кыймылдаткыч катары колдонуу маселеси бюнча иштеген жанa ылдам учуучу самолёттор үчүн турбореактивдуу кыймылдаткычты түзүүнү ил. негиздеген.
- 1939—41-ж. эки контурдуу турбореактивдуу кыймылдаткычтын конструкциялык схемасын иштеп чыккан.
- 1946-жылдан авиац. кыймылдаткыч ген. конструктор.
- Анын катышуусу жанa жетекчилиги менен 1948-ж. ата мек. туңгуч турбореактивдуу кыймылдаткыч түзүлгөн.
- СССР мамл. сыйл. (1948, 1951) лауреаты.
- Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жанa медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.