Люминесценция

нерсенин жылуулук нурлануусунан арбын болгон жана жарык толкунунун термелүү мезгилинен кыйла узак убакытка созулган жарык чыгаруусу

Люминесценция (лат. luminis – жарык жана -escent- – начар аракет дегенди билдирүүчү суффикс) – нерсенин жылуулук нурлануусунан арбын болгон жана жарык толкунунун термелүү мезгилинен кыйла узак убакытка созулган жарык чыгаруусу. Люминесценциянын нурлануусу көрүнгөн ультракызгылт көк жана инфракызыл диапазонунда жатат. Люминесценциянын жаратылышта байкалган кубулуштарына – түндүк жаркыроосу, кээ бир курт-кумурсканын, минералдардын, дарактардын чирүүсүндөгү жаркыроосу мисал боло алат. Люминесценция дүүлүгүү тибине, энергиянын айлануу механизмине, жаркыроо убактысына жараша класстарга бөлүнөт. Дүүлүгүү түрүнө жараша фотолюминесценция, радиолюминесценция, электр-люминесценция, триболюминесценция, хемилюминесценция болуп айырмаланат. Жаркыроо узактыгы боюнча флуоресценция (тез өчүүчү) жана фосфоресценция (узак люминесценция) болуп бөлүнөт. Элементардык процесстердин механизми боюнча резонанстуу, спонтандуу, аргасыз рекомбинациялуу люминесценцияга айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7