Мартин Лютер

Лютер Мартин‎»‎ барагынан багытталды)

Мартин Лютер (10. 11. 1483, Германия, Манофельд графтыгы, Айслебен – 18. 2. 1546, ошол эле жер) – Германиядагы Реформациянын ишмери, немис протестантизмин (лютерандык) негиздөөчү. Эрфурт университетин бүтүрүп (1505), эркин искусство магистри наамын алган. Виттенберг университетинде философия жана дин таануу докторлугуна жеткен (1512). Католик чиркөөсүн жана анын догмаларын реформалоо зарыл экенине көзү жетип, 1517-ж. 31-октябрда 95 тезис менен индульгенцияга каршы чыгып, Германияда реформацияны баштаган. Лютер христиандарга Библия жетиштүү, ошондуктан Кудайга сыйынуу жана башка ырым-жырымдарды жасоо артык баш деп далилдеген. Лютер чехиялык реформатор Ян Густун окуусун туура деп тапкандыктан, 1520-ж. Рим папасы аны еретик деп жарыялаган. Бирок Лютер папанын чечимине баш ийбей, Виттенберг университетинде студенттердин көзүнчө папанын грамотасын өрттөп жиберген. 1521-ж. Лютерге каршы король Карл V Вормдо анын мындай көз карашы үчүн өлүм жазасына буюрган. Бирок Саксониянын курфюрсту Фридрих Лютерди өзүнүн Вартбург замогуна жашырып калган. Т. Мюнцердин жаңы (элдик) талдоосун көргөн Лютер мурдагы радикалдык позициясынан тайып, элди бийликке баш ийдирүүгө чакырган. Лютердин жолун жолдоочулар лютерандар, ал эми анын окуусу лютерандык деп аталып, алар негизинен Германия, Австрия жана түндүк Европа мамлекеттеринде тараган. Анын окуусун улантуучулар Кыргызстанда да кезигет. Немис тарыхында Лютер маданият ишмери, агартуу, тил, музыка жана башка жагынан реформатор катары да белгилүү. Ал Библияны немис тилине которуп (1522–42), жалпы немис адабий тилинин нормасын түзгөн.

Мартин Лютер (1521).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7