Лямблия (лат. Lamblia) – зоомастигин классындагы шапалактуулар уруусу. Сүт эмүүчүлөрдүн (кишинин, коёндун, чычкандын), жерде-сууда жашоочулардын, айрым омурткасыздардын митеси. Лямблиянын 2 сүйрү ядросу, 4 жуп шапалагы бар. Денеси алмуруттай, узундугу 8–30 мкм. Жону томпок, курсак жагы ийилип, ээсинин ичегисине жабыша турган соргучка айланган. Узунунан бөлүнүп көбөйөт. Ичегинин төмөн жагына келгенде цистага айланып, сыртка чыгат да, соо кишинин (жаңы ээси) ичке ичегисине, өт жолдоруна кирип, лямблиозду пайда кылат. 100дөн ашык түрү бар. 10 түрү сүт эмүүчүлөрдүн (чычкан, коён жана башка), 1 түрү жерде-сууда жашоочулардын митеси.

Giardia lamblia.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7