Ляпунов, Прокопий Петрович

Ляпунов, Прокопий Петрович [22. 7(1. 8). 1611-ж. өлгөн] —орустун 17-кылымдын башындагы саясий ишмери.

  • Байыркы Рязань ак сөөктөрүнүн тукумунан. Борис Годунов өлгөндөн кийин Жалган Дмитрий 1 тарабына өткөн;
  • 1606 ж. рязандык ак сөөктөрдүн отряды менен И. И. Болотниковго кошулган.
  • 1606-ж. ноябрда падыша Василий Шуйскийден кечирим сурап, дума ак сөөгү болгон.
  • 1608—10-ж. Ляпунов Рязань крайындагы дыйкан көтөрүлүшү м-н Жалган Дмитрий 7/нин жан-жөкерлөрүнө каршы кызматкер адамдарынын кыймылын жетектеген.
  • 1610-ж. Шуйскийди тактан кулатууну уюштурган. Поляк аскерлери Москваны ээлегенден кийин Ляпунов биринчи элдик кошуунду (1611) уюштурууну жетектеп, анын башчыларынан болгон.
  • 1611-ж. мартта элдик кошуун Москвадагы интервенттерди курчоого алган.
  • 1611-ж. июлда Ляпунов земство екмөтүнүн башчысы болуп калган. Анын демилгеси менен кабыл алынган «30-июндагы өкүм» казактарга «эркиндик» берүү жөнүндөгү убаданы бузуп, крепостной тартипти калыбына келтирген. Ляпунов казактар тарабынан өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.