Лященко Николай Григорьевич

Лященко Николай Григорьевич (3(16). 5. 1910, Иркутск облусу, Зима станциясы – 10. 10. 2000, Москва шаары) – советтик аскер башчы, армиянын генералы (1968), Советтер Союзунун Баатыры (1990). 1910-жылдарда ата-энеси менен Ысык-Көлгө (азыркы Ананьево айылы) келген. Эмгек жолун Өрүктү чарбасында (кийин 54-жылкы заводу) чабендестиктен баштаган. 1929-жылдан Советтик Армияда. М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1941), К. Е. Ворошилов атындагы Жогорку аскер академиясын (1948) жана анын Жогорку академиялык курсун (1970) бүткөн. Лященко 1927–28-ж. Кыргызстандын Түп районунда комсомолдук кызматтарда иштеген. 1929–30-ж. Орто Азияда басмачыларды талкалоого катышкан. Испанияда жарандык согушка (1937–38) республикачылар тарапта ыктыярдуу катышкан. Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) мезгилинде Түштүк, Волхов, Ленинград жана 2-Беларус фронтторунда полкко, бригадага (1941–43), 90-аткычтар дивизиясына (1943–45) командир болуп, Ленинград курчоосун бузуп өтүү жана жоюу, Советтик Балтика боюндагы элдерди боштондукка чыгаруу, фашист немистерди өз жеринде талкалоо операцияларына катышкан. 1948–53-ж. дивизия, 1953–57-ж. корпус командири, 1958–63-ж. Түркстан аскер округунун аскерлеринин командачысынын 1-орун басары, 1963–65-ж. Волга бою, 1965–69-ж. Түркстан, 1969–77-ж. Орто Азия аскер округдарынын командачысы, 1977-жылдын декабрынан СССР Коргоо министрлигинин аскер инспекциясында инспектор болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (7–9-шайланышынын) депутаты. Төрт Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 2-даражадагы Суворов жана Кутузов, 3 Кызыл Жылдыз 3-даражадагы «Манас» жана башка көптөгөн ордендер менен сыйланган. «Генерал Армии Н. Г. Лященко» аттуу медаль чыгарылган. Ананьев айылындагы бир көчөгө жана орто мектепке аты берилип, ал жерде музей уюштурулган.

Чыгармалары түзөтүү

  • Годы в шинели (Юность командирская. Ф. 1973;
  • Годы в шинели (Гроза над Родиной). Ф. 1976;
  • Годы в шинели (Вперед – на запад! Победи! И после войны...). Таш., 1982.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7