Шеркулов Намазбек Камчыбекович

МИСАЛ‎»‎ барагынан багытталды)

Шеркулов Намазбек Камчыбекович (7-апрель 1950-жылы, Көк-Токой айылы, Кыргыз ССР, СССР) — комузчу, обончу, мугалим, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

Өмүр баяны

түзөтүү
 
Намазбек Шеркулов

1950-жылы 7-апрелде Талас аймагынын Жеңиш колхозунун Көк-Токой айылында туулган. Ал 12-13 жашынан баштап колуна комуз алып, черте баштаган. Алгач өз атасы Камчыбектен күүлөрдү үйрөнсө, кийин чоң атасы, улуу комузчу Шекербек Шеркуловдон комуз чертүүнүн татаал сырларын үйрөнгөн.

Намазбек Шеркулов элдик күүлөрдөн баштап, залкар комузчулар Токтогул, Ниязаалы, Атай, Шекербек, Карамолдонун күүлөрүн чертип, көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Өзү да “Жаңы Камбаркан”, “Шаңдуу жайлоо”, “Баатырларга таазим”, “Беш таш кайрыктары”, "Кутман кыргызым" сыяктуу күүлөрдү жараткан. Комузчулук менен бирге обончулугун да өнүктүрүп, 40тан ашуун обон чыгарган[1].

Намазбек Шеркулов “Азаттык” радиосуна курган маегинде, комузчулук ага жети атадан бери өтүп келаткан өнөр экенин айткан[2].

...Бул өнөр биздин тукумга жети атадан бери келатат. Түпкү атабыз Эркесарынын Шеркул, Керимкул, Шертай деген үч уулу болгон. Үчөө тең таланттуу экен. Алар эс тартканда үйдөгү жалгыз комуз талашка түшөт. Ошондо Эркесары айыл аксакалдары менен кеңешип, уулдарына күү черттирет. Ал сынакта менин бабам Шеркул жеңип чыгат. Атанын сөзү эки болмок беле, комуз анын энчисине тиет. Шеркул бабабыз казак-кыргызга таанымал чоң комузчу болуптур. Кийин өнөрүн уулу Шекербек улап жатпайбы.

 
Намазбек Шеркулов жубайы жана уул-кызы менен

Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун 14 томдук “Обондуу ырлар жыйнагына” акындын сөзүнө жазылган “Таласым”, “Ойдон кетпес бир күйүт”, “Улууларга бир кеңеш”, “Бар болгула”, “Тоолорго неге ынакмын”, “Коштошуу”, “Табышмак”, “Аз жыргал”, “Бир айып”, “Бир күйүт” деген ырларына Намазбек Шеркуловдун обондору чыгарылып камтылган.

Намазбек Шеркулов жараткан күүлөр менен обондор Кыргыз теле-радиосунун алтын казынасына да кабыл алынган. Залкар комузчу көп жылын улан-кыздарга комузчулук өнөрүн үйрөтүүгө арнаган.

Жубайы экөө 1 уул, 1 кызды табиялап чоңойткон. Уул-кызы да ата-бабаларынын жолун жолдоп, комузда кол ойнотуп, республикалык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон[3][4].

Эмгек жолу

түзөтүү
  • 1969 – 1971-жж. Советтик  Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1972 – 1977-жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин “Чет тилдер” факультетинде билим алган;
  • 1978-ж. Талас районунун Бакай-Ата аймагындагы Маданият орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген;
  • 1978 – 1992-жж. Талас районунун Нылды, Жерге-Тал орто мектептеринде немец тили боюнча мугалим болуп эмгектенген;
  • 1985 – 1992-жж. Талас районунун Жерге-Тал орто мектебинде Балдарга билим берүү борбору тарабынан уюштурулган “комуз” ийриминин жетекчиси болуп эмгектенген;
  • 1984 – 1995-жж. Жергетал совхозунун Маданият үйүндө клуб башчы болуп эмгектенген;
  • 1995 – 2005-жж. Талас районунун Шекербек Шеркулов атындагы орто мектебинде музыка сабагынан мугалим болуп иштеген;
  • 2011-ж. Нурак Абдрахмановдун “Эң белги” комуз үйрөтүү курсун ийгилктүү аяктап, сертификатка ээ болгон;
  • 2005 – 2015-жж. Талас районундагы Балдарга билим берүү борборунда комуз ийриминен мугалим болуп иштеген;
  • 2015 – 2016-жж. Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы орто мектебинде музыка сабагынан мугалим болуп эмгектенген;
  • 2017 – 2018-жж. Талас шаарындагы Манас-Ата лицейинде комуз ийирими боюнча мугалим болуп иштеген

Сыйлык жана наамдары

түзөтүү
  • 1992-ж. Ош шаарындагы обончулардын Республикалык кароо сынагында “Обондуу ырлар” номинациясында 1-орунга ээ болуп, Диплом менен сыйланган
  • 1998-ж. Республикалык комузчулардын кароо сынагында 3-орунга ээ болуп Диплом менен сыйланган
  • 2002-ж. Шекербек Шеркуловдун 100-жылдыгында Республикалык комузчулардын кароо сынагында Гран-приге ээ болгон
  • 2011-ж. Нурак Абдрахмановдун “Эң белги” нотасы аркылуу атайын курсун ийгиликтүү аяктап, атайын сертификатка ээ болгон
  • 2015-ж. Шакирттери “Ысык-Көл досторун чакырат” фестивалында 1-орунду жеңип алган
  • 2016-ж. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаедин “Ыраазычылык каты” менен сыйланган
  • 2019-ж. “Кыргыз-Туусу” гезитинин жылдын “Мыкты комузчу жана чыгармачыл инсаны” сыйлыгына татыган
  • 2020-ж. Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган
  • 2022-ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде, “Чебер комузчу” алтын медалы менен сыйланган

Мындан тышкары жаш муундарды окутууда, тарбиялоодо, маданият тармагына кошкон зор салымы үчүн, Талас райондук администрациясынын “Ардак грамотасы”, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Шакирттери кароо сынактарга жигердүү катышып, алдынкы орундарга ээ болуп, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келүүдө[5].

Булактар

түзөтүү

Надырбек Алымбеков, “Обондуу ырлар жыйнагы” 12-том. (125-145 б) Б.: 2020. 504 б. – ISBN 978-9967-9266-2-2