Монадология

МОНАДОЛОГИЯ‎»‎ барагынан багытталды)

Монадология (“Monadologie”) – Лейбництин чыгармасы. 1714-жылы француз тилинде тезистер формасында жазылган. Анын объективдүү идеализминин философиялык системасынын негизин жалпыга жеткиликтүү баяндаган. Монадология Лейбинцтин узакка созулган, карама-каршылыктуу философиясын жыйынтыктайт.

Монадология монад жөнүндө илимдеги борбордук орунда туруп, турпатсыз «жөнөкөй субстанциялар», «жаратылыштын чыныгы атомдору», «элементтүү нерселер» болгон монадаларга бөлүнбөстүк, жок болбостук, материалсыздык, аффицирленбөчүлүк (жылчыксыздыктын), кайталанбастык, оң касиеттерден өзүнө өзү жетиштүүлүк, өзүнөн өзү өнүгүүчүлүк, өздөштүргүчтүк, кайра ордун толтуручулук жана умтулуудан турган психикалык активдүүлүк ыйгарылат.

Бардык монадалар өнүгүүнүн деңгээлине жараша жөнөкөй (чексиз майда перцепциялардан), жандын монадаларына (сезим-туюм жана эске тутуусу бар бүдөмүк перцепцияларга) жана рухтун монадаларына бөлүнүшөт. Аңдабастан түшүнүү «кичине перцепциялар» жөнүндө окуу монодалогияны психикалык жашоонун үзгүлтүксүздүгү жана дүйнөдөгү болуп өткөн процесстердин бүткүл жалпы өз ара байланышын негиздөө үчүн колдонот. Бул өз ара байланышка жараша ар кандай монада бүт баарын өздөштүрүп түшүнө билген «Ааламдын дайым жандуу» күзгүсү болот.


Монадология теориясында боло жүргөн гармония ар түрдүү монадалардын өз ара шайкештүүсүү, келишүүсү менен түшүндүрүлөт. Жан менен дененин гармониясын негиздөө чектөөнүн, жана аракеттин себебин түшүндүрүү үчүн колдонулат. Монадологиянын айрым тезистери чыныгы дүйнөнүн априордук негиздерин анализдөөгө жана теодицея маселелерине арналган. Монадология Лейбинцтин философиясынын толук жана системалуу жоболорунун баяндалышы.


Колдонулган адабияттар түзөтүү