Маакия (лат. Maackia) - чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу.

  • Күбүлмө жалбырактуу, шыпыргы гүлдүү дарак. Чанагы кара күрөң түстө.
  • Чыгыш Азияда 5—6 түрү, Орусиядаде 1 тү­рү (Амур Маакиясы) өсөт.
  • Дарагынын бийиктиги 15—20 м, жалбырагынын уз. 30 өлчө.
  • Гүлү агыш же кызгылт.
  • Көбүнчө Приморье менен Приамурьедеги дарыя өрөөндөрүндө өсөт.
  • Ал кооз өсүмдүк катары, о. эле жарларды,суу жээктерин бекемдөө үчүн өстүрүлөт.
  • Жыгачы чирибес, бышык фа­нера, ийилме мебель, паркет ж. б. даярдоо үчүн колдонулат.
Aмур Маакиясы (Maackia amurensis).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.