Мавлянов Абдырахман Субанкулович, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз инженердик Академиясынын академиги.

Мавлянов Абдырахман Субанкулович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мавлянов Абдырахман Субанкулович
Туулган жылы: 1947-жыл
Туулган жери: Жалалабад облусунун Жаңы-Жол (Аксы) аймагы
Каза болгон жылы : 22.7.2020
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Окумуштуу

Ѳмүр баяны түзөтүү

Мавлянов Абдырахман Субанкулович 1947- жылы Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол (Аксы) аймагында туулган. 1961- жылга чейин Жергетал орто мектебинде окуган. 1965- жылы Фрунзедеги автожолдор техникумун бүткөн. 1971- жылы Ленинградтагы инженердик-курулуш институтун бүтүрүп, 1975-жылы Ленинграддагы инженердик-курулуш институтунун аспирантурасын аяктаган

Эмгек ишмердиги түзөтүү

1965-66- жылдары ДЭУ №12 (Жаңы-Жол району) инженер

1971-75- жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунда окутуучу

1979- жылы Кандидаттык диссертациясын Ленинградта жактаган

1979-81- жылы Фрунзедеги политехникалык институтунда улуу окутуучу, доцент

1981-90-жылдары ошол эле ЖОЖдун «Курулуш материалдарын өндүрүү» кафедрасынын башчысы

1990-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун Оштогу филиалында директору

1991ж. Ош жогорку технологиялык колледжге айландырган жана ошол ЖОЖдо проректор

1993-ж. Жалалабад мамлекеттик университетинин ачуу жумуш комиссиясынын төрагасы

1994- ж. КМУнун Кыргыз Америка факультетинин деканынын орун басары

1995- жылдан бери Бишкек финансы экономикалык академиясынын ректору

2001-2006, 2011-2012- жылдары Кыргыз Республикасынын Билим Министрлигинин коллегиясынын мүчөсү

22-июль, 2020-жылы көз жумган

Сыйлыктары түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын Ардактуу Граммотасынын ээси (2005)
  • Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери (1997)
  • Билим берүү отличниги (1994)
 
  • “Даңк” медал менен сыйланган (2011)


Жарыяланган эмгектери түзөтүү

100 дѳн ашык илимий эмгектердин автору, анын ичинен 2 ойлоп табылган эмгектин жана 2 монографиянын ээси.

Стажировкалар түзөтүү

  • 1994-ж. АКШда Небракска-Линкольн университетинде биринчи Кыргызстандын студенттердин тобун жетектеп бир семестр стажировкада болгон
  • 2006 (сентябрь) –2007 (июнь) Нью-Джерси Технологиялык университетинде (АКШ) ФУЛБРАЙТ программасынын стипендиаты

Үй-бүлѳсү түзөтүү

Үй-бүлѳѳлүү, үч баланын атасы