Магистр
Магистр (лат. magister – башчы, устат, мугалим) – 1) Байыркы Римдеги кызмат адамы (м.: атчандар М-и); кийинчерээк Европадагы айрым диний эмес жана чиркөө мекемелеринин башчысы (м.: Улуу М. же гроссмейстер – диний-рыцардык орден башчысы); 2) КРде аспирантурага өтүүгө жана өз кесиби боюнча иштөөгө укук бере турган толук жогорку кесиптик билимдин академиялык даражасы.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7