Магнетизм – 1) магниттик моментке ээ электр тогу бар өткөргүчтөрдүн же магниттердин өз ара жана бири-бири менен магнит талаасы аркылуу өзгөчө аракеттешүүсү; 2) физиканын электр тогу өтүп жаткан ар кандай өткөргүчтөрдүн жана магниттердин өз ара жана бири-бири менен аракеттенишүүсүн, магнит талаасындагы заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылын, алардын бири-бири менен аракеттенишүүсүн жана магниттик кубулуштар байкалуучу заттардын касиеттерин окуп-үйрөтүүчү бүлүгү. Электр талаасын пайда кылуучу булак (заряд) өңдүү заряд магнит талаасында жок. Ал төмөнкү учурларда пайда болот: а) заряддалган нерселер кыймылдаганда; б) электр тогунун айланасында; в) өзгөрмө электр талаасынын айланасында. Калган талаалар сыяктуу эле магнит талаасы да материянын жашоосунун өзгөчө түрү. Магнит талаасынын булагы жок болгондуктан, ал куюндуу талаа болуп эсептелет. Ошондуктан электр жана магнит талаалардын симметриялуулук жок.

Колдонулган адабияттар түзөтүү