Магний кен таштары
Магний кен таштары – магний минералдарынын жаратылыштагы чогундусу. Магний жаратылышта жүздөн ашык минералдардын курамында жолугат. Алардын ичинен маанилүүлөрү брусит (Mg 41,7%, (Mg 28,8%), доломит (18,2%), кизерит (17,6%), бишофит (12,0%), лангбейнит (11,7%), эпсомит (9,9%), кайнит (9,8%). Магний-калий туздары эң негизги кен таш болуп эсептелет. Ири кендери метаморфизмделген доломит түрүндө кездешет. Магнезиттин метаморфизмделишинен брусит келип чыгат. Кээде магний туздары жер астындагы суулардын тийгизген таасиринен эрип, ачуу туздуу сууларды же булактарды пайда кылат. Эгер мындай туздуу суулар деңиз булуңдарында (мисалы, Кара-Богаз-Көл) же кургактыктагы чуңкурларда (мисалы, Баскунчак, Эльтон) жолукса, туз кендери пайда болот. Жер бетинде магний-калий туздары Девон, Пермь мезгилдеринде өтө көп санда жана бардык жерде топтолгон.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7