Магний хлориди, MgCl2 – туз, эрүү t 7130С, кайноо t 1412оC. Суудагы эригичтиги (100 г сууда г м-н); 52,8г (0оС), 54,5 г(20оС), 73,0г (100оС); нымды тез тартуучу кристалл түрүндөгү зат. 100 г сууда 50,7г жана 85,5 г MgCl2, бар эритмелер кайноо t 142,5оС жана 158оС. 160оС жогору MgCl2 сууда бир аз гидролизденет. MgCl2 конц. эритмеси MgO эритет, алынган эритмеден MgCl2 mMg(OH)2XnH2О кристаллдашат, m=2-9, n=2-8. Бул бирикмелер магнезиалдык цемент курамына кирет. Магний хлориди жаратылышта бишофит MgCl2·6H2O, карналит KCl·MgCl2·6H2О минералдары түрүндө кездешет. М. х. гексагидрат жана суусуз туз түрүндө өндүрүлөт. Суусу жок М. х. Mg жана MgO өндүрүүдө, гексагидрат-магнезиалдык цемент алууда, о.эле суудагы эритмеси хладагент, антифриз, самолет учуу талаасын, темир жол рельстерин муздан сактоочу каражат жана дефолиант катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү