Магнитострукция (гр. magne­tis — таш ж-a лат. strictio — кысуу, көрүү) — магниттегенде нерсенин өлчөмүнүн жанa формасынын өзгөрүшү.

Магнитострукция кубулушун Ж. Жоуль (1842) ачкан. Ферро- жанa ферромагнетиктерде (Fe, Ni, Со, Gd, ТЬ ж. б., куймаларда, ферриттерде) Магнитострукция абдан көп, ал эми антиферромагнетакте, парамагнетиктерде жанa диамагнетиктерде өтө аз байкалат. Магнетизм теориясында Магнитострукция ферромагниттүү нерселердин өз ара аракеттеништеринин натыйжасы ка­тары каралат. Ферро жанa ферримагнетиктерди магниттегенде магнит күчтөрү 0 дон На чыңалышка чейинки интервалда таасир этип, үлгү (нерсе) тех. магниттик каныгууга h жетет.

Бул интервалда магниттенүү домендердин магнит моменттеринин айлануусуна, алардын арасындагы чектеринин жылышуу процесстерине негизделген. Ушул 2 процесс тең кри­сталл торчонун тец салмак абалын бузат жанa энергетикалык абалын өзгөртөт. Натыйжада атомдор жылышып, торчонун Магнитострукциялык деформациясы пайда болот. Магнитострукциянын бул түрү анизотропиялык мүнөздө (магниттенүүнүн чоңдугуна жанa багытына көз каранды) болуп, кристаллдын көлөмү өзгөрбөстөн, формасы өзгөрөт. Торчосу куб формасында жайгашкан кри­сталлдарда Mi көлөмүнүн өзгөрүшү менен мүнөздөлөт.

Магнитострукцияда өзгөчө үлгүнүн магнит талаасынын багыты менен дал келген салыштырма узаруусу же талаанын багытына перпендикуляр бол­гон өзгөрүүсү өлчөнөт. Парапроцессте же чыныгы магниттенүүдө Магнитострукция чоңдугу боюнча барабар. перимент жолу менен поликристалл феррромагниттерде изплденген.

Магнитострукциялык илдиргич жанa реле, ультраүн чыгаргычтар жанa кабылдагычтар, чыпка, стабилизатордун иштеши Магнитострукция кубулушуна негизделгендиктен техникада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.