Магниттик каныгуу
Магниттик каныгуу — парамагнетик же ферромагнетик заттардын магниттелишинин эң чоң мааниге жеткен абалы. Магниттөөчү талаанын чыңалышы андан ары көбөйсө да, магниттик каныгууга жеткен заттардын магниттелиши өзгөрбөйт.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a7/Magnetization_curves.svg/220px-Magnetization_curves.svg.png)
Техникалык магниттөө процесстери бүткөн соц ферромагнетиктердин магниттелиши чек мааниге жетет.
Булактар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.