Магниттүү тараза
Магниттүү тараза - таразага тартуу жолу менен нерселерди магнит кабылдоочулугун жана Жер магнетизмин өлчөгүч курал.
Нерсенин магнит кабылдоочулугу ошол нерсенин электр-магниттин магнит талаасына тартылуу күчү менен аныкталат. Бул күчтүн чоңдугу эки метод менен аныталат. Биринде, өтө узун цилиндр түрүндөгү үлгүнүн бир учунун электр-магнит талаасына тартылгандагы күчү (Гук методу), экүнчисинде бир тектуу эмес магнит талаасына коюлган өтө кымындай нерсеге ал талаанын таасир кылгандагы кучу (Фарадей методу) боюнча нерсенин магнит кабылдоочулугу аныкталат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.