Магниттөө
Магниттөө — сырткы магнит талаанын аракети менен ферромагнетикте болуучу процесс.
Бул процессте ферромагнетиктин талаанын багытына карай магниттелиши көбөйөт. Ферромагнит үлгүнүн такыр магниттелбеген абалы ар бири каныкканга чейин магниттелген өтө кичине (10-9—10~6 см3) көлөмдөгү домендерден турат, бирок домендердеги өзүнөн өзү магниттелиш векторлору А үлгүнүн магнит моменттеринин суммасы J =0 болгондой ар кандап багытта жайгашкан. Магниттөө домендердеги магниттелиш векторлорун талаанын багытына карай багыттоодон — жылышуу процессинен, айлануудан жана парапроцесстен турат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.