Магнит-механикалык кубулуштар
Магнит-механикалык кубулуштар, гидромагниттуу кубулуштар — заттагы магнетизмди ташыгыч микробөлүкчөлөрдүн мех. жанa магнит моменттеринин өз ара байланышын айкындоочу кубулуштар тобу.
- Нерсе магнит талаасына дуушар болгондо анын атомдорунун магнит моменттери бул талаанын багыты боюнча жайгашат.
- Атомдордун өздүк мех. моменттеринин багыты өзгөрөт. Бирок толук мех. момент өзгөрбөгөндүктөн, ал нерсе карама-каршы багыттагы кыймыл санынын моментине ээ болуп, айлануу кыймылына келет.
- Мындай кубулушту 1915-ж. тажрыйбада Эйнштейн менен В. де Хааз байкаган.
- Бул тажрыйбада сырткы талаага эркин илинип коюлган ферромагнитти магниттегенде ал айланган.
- Ал эми айланып жаткан ферромагниттүү үлгү зат магнит моментине ээ боло тургандыгын 1909-ж. С Барнетт аныктаган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.