Магнит аномалиялары — жер бетиндеги магнит талаасынын бир калыптагы абалынан өзгөрүп, кескин түрдө көбөйгөн геомагниттүү талаа.

  • Картада Магнит аномалиялары жер магнетизминин бирдей маанидеги чекиттерин туташтырган сызыктар (жантайыш — изо­гена, эцкейиш — изоклин, түзүүчүлөрдүн биринин чыңалуусу же толук вектору — изодинама) менен белгиленет.
  • Магнит аномалиялары ээлеген аймагынын чоңдугу боюнча континенттик, аймактык жана локалдык болуп бөлүнөт.
  • Конти­ненттик Магнит аномалияларынын аянты 10—100 миң км2рд түзөт.
  • Алар үчүн нормалдуу талаа болуп, бирдей магниттелген шардын талаасы (диполь талаасы) эсептелет. Эң ири Магнит аномалиялары — Чыгыш Сибирде жанa Зонд аралында.
  • Аймактык Магнит аномалиялары 1—10 мид км2 аянтты камтып, жер кыртышынын түзүлүш өзгөчөлүкторүнө байланыштуу болот.
  • Аймактык Магнит аномалиялары Сибирь жанa Чыгыш Европа платформаларында ж. б. жерлерде кездешет.
  • Локалдык Магнит аномалиялары бир нече жүздөгөн км2 аянт­ты ээлейт. Ал жер кыртышынын үстүңкү бөлүгүнүн түзүлүшү бирдей эместигине жанa тоо тектердин магниттелүү өзгөчөлүктөрүнө байланыш­туу.
  • Локалдык Магнит аномалиялары көбүнчө кендер менен байланыштуу болгондуктан аны магниттик чалгындоо жолу менен изилдөөнүн практикалык мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.