Магнит бороонуЖердин магнит талаасынын күчтүү дүүлүгүшү. Мындай дүүлүгүү учурунда Жердин магнит талаасынын кадимки өлчөмү бузулуп, Магнит бороону бир нече сааттан бир нече суткага созулат. Ал Күн плазмасынын Жердин магнит сферасына келген күчтүү агымынын таасиринен Жер шарынын бардык бөлүгүндө пайда болот. Магнит бороонунун эң чоң интенсивдүүлүгү жогорку кеңдикте байкалат. Ал эскерткич, башталгыч, башкы жана калыбына келтиргич фазалардан турат. Магнит бороону магнит куюну деп аталат.

Күн шамаалынын Жердин магнит сферасы менен өз ара аракеттешүүсү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов