Магнит карталарыизосызыктын (изодинам, изогон, изоклин) жардамы менен геомагнит талаа чыңалышынын бөлүнүшү же аньш түзүүчүлөрү көрсөтүлгөн жер бетинин картасы.

  • Кеңири таралган — дүйн. Магнит карталары жанa аномалиялуу магнит талаасыниын картасы. Дүйнөлүк Магнит карталары башкы геомагнит талаасынын негизги өзгөчөлуктөрүн чагылдырат. Бул геомагнит талаасынын булагы Жер ядросундагы Электр өткөргүч заттардын кыймылы деп эсептелет.
  • Башкы геомагнит талаасынын структуралык өзгөчөлүктөрү континенттердин көлөмүнө жакын.
  • Ошон үчүн дүйн. Магнит карталарынын масштабы 1:10 000 000 же андан да майда.
  • Аномалиялуу магнит талаасынын картасы кайсы бир аймактын магнит та­лаасынын башкы магнит талаасынан езгөчөлөнүшун көрсөтөт. Мындай кар­та ири масштабда (мис., 1: 200 000) болуп, аэромагниттик съёмканын маалыматы боюнча түзүлөт. Магнит карталары жер тереңинин түзүлүшүн изилдөө, кен байлыктарды издөө ж. б. маселелерди чечиш үчүн колдонулат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.