Магнит структурасы - атомдук - магнити ирээттелген кристаллдардагы атомдордун магнит моменттеринин белгилүү багыт боюнча мейкиндикте мезгилдүү жайланышы.

  • АтомдунМагнит структурасын домендик магнит структурасынан ажырата бплүү керек. Атомдун магнит моменттеринин мейкиндикте жайгашуу мезгилдүүлүгү заттын кристалл структурасы менен аныкталат. Атомдун Магнит структурасы белгилүү магниттүү заттар макромагнит моментинин суммасы нөл болбогон (Af^O) жана Л=0 болгон заттар болуп негизги эки класска бөлүнөт.
  • Биринчи класска ферромагниттүү Магнит структурасы туура келет, мында заттагы бардык атомдордун магнит моменттери белгилүү бир багыт боюнча жайгашат.
  • Экинчи класска антиферро-магниттүү Магнит структурасы тиешелүү (сүрөт, б). Бул учурда ар бир магнит момен­тинин айланасында карама-каршы багытталган компенсацпялоочу момент пайда болот.
  • Магнит момента нөл болбогон ферромагниттүү структура антпферромагниттүү Магнит структурасына окшош. Алар магнит моменттери ар түрдүү чоңдукта болгон атом же ион менен түзүлгон антпферромагниттүү Магнит структурасы кезиндө гана түзүлөт. Атомдордун ортосундагы өз ара аракеттенүү бир кыйла татаал (алыстан аракеттенгич) болгондугу кээ бир учурда геликоиддик Магнит структурасын пайда кылат.
  • Мындай структурада коцшу атомдор­дун магнит моменттери бири бирине карата ошол моменттерди көрсөтүүчү векторлордун учтары бир спираль сызыкта жаткандай оолуп бурулган. Магнит структурасынын классификациясы кристалл- дагы атомдун магнит моменттеринин жайгашуусу гана эмес, анын багыты да зеке алына турган магнит симмет­рия теориясына негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.