Магриб (араб.الْمَغْرِب) – 1) Түндүк Африкада Египеттен батышта жайгашкан өлкөлөрдүн (Тунис, Алжир, Марокко) жалпы аты. Араб халифаттыгынан (орто кылым) бери географиялык жана тарыхый адабияттарда ушундайча аталган.

Магриб Аянты
араб. الْمَغْرِب

Магрибдин картасы.

Чоң Магриб түзөтүү

2) Чоң Магриб же Араб Батышы (Араб чыгышынан айырмалаш үчүн – Машрик) – Ливия, Мавритания жана Батыш Сахаранын аймактары, Испания мусулмандар жашаган аймак (Андалусия), Жер Ортолук деңиздеги араб халифаттыгынын мурдагы ээликтери – Балеар аралы, Сардиния, Сицилия да кирет. Араб (Мавритания, Батыш Сахара) жана бербера диалектисинде жана мальта тилинде (жазуусу латын алфавитинде) сүйлөшөт. 1956-жылы Марокконун королу Мухаммед V жана Тунистин премьер-министри Х. Бургиба «Улуу Араб Магриби» деген региондук бирикмени уюштуруу идеясын сунушташкан. 1964-жылы Магриб өлкөлөрүнүн Туруктуу консультация комитети уюштурулган. Кийинчерээк тармактык комиссия түзүлүп, алар бир катар келишимдерге кол коюшкан. 1989-жылдын февралында Алжир, Марокко, Тунис, Ливия жана Мавритания өлкөлөрүнүн башчылары региондук Араб магриби союзун уюштуруу үчүн кол коюшкан. Анын негизги милдети – Батыш Африка өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык жана саясий биримдикти орнотуу.

 
Магрибтин картасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү