Мадаминбек, Мухаммед Аминбек – 1918–20-жылдары Фергана өрөөнүндө Совет бийлигин орнотууга каршы чыккан корбашы. 1919-жылы март айында Ташкендеги революцияга каршы козголоңдон кийин Ферганага качып келген орус козголоңчулары менен бирге Наманган шаарын камаган. Май айында негизги күчүн Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймактарына топтогон. Июль айында ага кулактардын «Дыйкандар армиясын» жетектеген Монстровдун күчү кошулган.
Ош, Жалал-Абадты ээлеп, Анжиянды камалашкан. Сентябрдын акырында гана алар Анжияндан чегинүүгө аргасыз болгон. 1920-жылы февралдын акырында Мадаминбектин негизги күчтөрү талкаланып, тынчтык сүйлөшүүлөргө макулдугун берүүгө аргасыз болгон. Анын ордосунда Э.Ф.Кужело, А.Н.Антонов, Я.Б.Филиппинов сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Кийинчерээк Мадаминбек М.В.Фрунзе менен сүйлөшүп, Совет өкмөтү тарапка өзүнүн колу менен өткөн. Анын айрым жигиттери Көр-Шерматтын колуна кошулган.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү