Маданий өсүмдүктөрдүн пайда болгон борборлору

Маданий өсүмдүктөрдүн пайда болгон борборлору — ар түрдүү маданий өсүмдүктөрдүн генетикалык, тарыхий борборлору. Биринчилик борбору (жапайы өсүмдүк кийин адам колго көндүргөн) жана экинчилик борбору (жергиликтүү калк жапайы өсүмдүктү колго көндүрүп, андан башка жерге отургузулуп, аргындаштыруудан өткөндө айтылат) болуп экиге бөлүнөтмэкаш.

Тарыхы түзөтүү

Өсүмдүк чарбачылыгы, жапайы өсүмдүктөрдү колго асыроо бир убакта, Эски жана Жаңы жерде бирдей, биздин заманга чейин 7 — 8 миң жылдыкта башталган. Колго көндүрүү процесси беш континетте тең бирдей, бири-бирине байланышы жок өнүкөн. Албетте, бөтөнү жок, жергиликтүү өсүмдүктөрдөн (эндемикалык) башталган.

Жөөбү, кайык мененби, адамдын өнүгүү жолунда көп аралыкты басып өтүү керек болгон. Себеби, адам өзүнүндө болгон тиккен кийим кечесин, буюмун, курал-жарагын өзүнө керектүү нерселерге айырмаштап оокат кылышкан. Ошолордун ичинде өсүмдүктөрдү да сатышкан. Өсүмдүктүктөрдүн тамыры, уругу көп чакырым аралыктарга, жаңы континет, материктерге таркаган. Кээ бир учурда өсүмдүктүн түпкү мекенин аныктоо көп кыйынчылыктарды жаратат. Маданий өсүмдүктөрдүн аймактары кеңейиши менен ботаникалык, географиялык, генетикалык пайда болуу аныкталган. Ар кайсы географиялык чөйрөдө колго көндүрүү, эволюциянын жөнөкөй мыйзам ченемдүүлүгү менен коштолгон. Алар; мутация, диплоид, интрогрессия жана табигый аргындоо.

Маданий өсүмдүктөрдүн пайда болгон борборлорунун окуусу түзөтүү