Маданият Тарых Тил

Телеканал
Маданият (телеканал)‎»‎ барагынан багытталды)

Маданият Тарых Тил (кыскача МТТ) телеканалы — Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын курамындагы маданият, тил жана тарых багытындагы телекөрсөтүүлөрдү даярдаган жана көрсөткөн канал болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө маданияттын маанилүүлүгүн эске алуу менен МТТ каналы Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан Кыргызстандын калкы үчүн түзүлгөн. Телекөрсөтүү торчосунун негизги бөлүгү өздүк көрсөтүүлөрдөн жана дүйнөлүк маданий мурастардан, окуялардан, жаңылыктардан түзүлөт, ошондой эле маданияттын ар кыл тармактарынын ишмердүүлүгү чагылдырат.

МТТ
Маданият Тарых Тил
Өлкө

 Кыргызстан

Берүү чөлкөмү

 Кыргызстан

Берүү тилдери

Кыргызча

Борбордук башкаруу

 Бишкек

Каналдын багыты

Үй-бүлөлүк

Алгачкы берүү күнү

22-апрель, 2013 (Маданият)
1-март, 2016 (МТТ)

Өзгөртөт

Пирамида

Өзгөрткөн каналы

Культура РТР

Өзгөртүлгөн каналы

Маданият

Ээси

УТРК

Курамындагы каналдар

Кыргызстан УТРК
Кыргызстан Ала-Тоо 24
Кыргызстан Музыка
Кыргызстан Баластан
Кыргызстан Спорт

Дареги

 Бишкек Жаш Гвардия бульвары, 59

www.ktrk.kg/madaniyat

Тарыхы түзөтүү

Кыргызстан санариптик берүүгө өткөндөн кийин “Баластан”, “Музыка”, “Спорт” каналдары ачылган, алар менен бирге "Маданият" телеканалы 2013-жылдын 22-апрелде ишке кирген[1]. Жаңы канал кошумча каржылоосуз, теле жабдууларсыз тесттик режимде иштеп, 2016-жылы 1-мартта "Маданият" каналынын негизинде жаңы "Маданият Тарых Тил" телеканалы түзүлгөн[2]. Каналдын мындай аталышы, 2016-жыл Кыргызстанда "Маданият Тарых Тил" жылы деп аталганына байланыштуу.

Телеканалдын ачылыш аземине ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев катышкан[3]. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев куттуктоо жөнөтүп, мамлекет маданият тармагынын өнүгүшүнө чоң көңүл буруп жатканын белгилеген[4].

2022-жылы 15-мартта Телеканал YouTube платформасынын күмүш баскчын алган, басыкыч 200 миңден ашуун катталуучусу бар үчүн берилген[5].

Көрсөтүүлөрү түзөтүү

  • XXI кылымдын жылдыздары
  • АБАЗ
  • Адам Таануу
  • Аккордеон сыздачы!
  • Ала-Тоо таңшыйт
  • БАРАКЕЛДЕ
  • Бейне
  • Демократия сабактары
  • Кинобаян
  • Кыз-жигит Сармерден
  • Кылым күүлөрү
  • Кыргыз Таануу
  • Маданият майданы
  • Муз Art
  • Музыканын керемет ыргактары
  • Мыскыл жана тамаша
  • Обологон обондор
  • Өмүр сызыгы
  • Таңшы комуз[6]
  • Тоолуктардын ток-шоусу
  • Төкмө келсе төр бошот
  • Улутман
  • Улут наркы – улуу тил[7]
  • Улуу Мурас
  • Шайыр апалар
  • Ыр Кеседе - ыр күлкү
  • Ыр майрам
  • Ырдайлы кыргыз ырларын
  • Элим менин элетте

Булактар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү