Мадемилова Күлбүбү
Бул макаланын мазмунун «Мадемилова Гүлбүбү» макаласына көчүрүү керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. Сураныч, ошондой эле оңдоолор тарыхын да карап чыгыңыз. |
Күлбүбү (Гүлбүбү) (Эркин) Мадемилова (тж. 27-февраль, 1929 Фрунзе, Кыргыз ССРи - 27-июль 2018, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргыз опера бийчиси[1], балетмейстер[2]. Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1963).
Күлбүбү Мадемилова | |
Туулган жылы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Каза болгон жылы: | |
Каза болгон жери: | |
Ишмердүүлүгү: | |
Жарандыгы: | |
Театр: |
Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры |
Сыйлыктары: |
Өмүр баяны
түзөтүүКүлбүбү Мадемилова 1929-жылы 27-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1937-жылы Ленинград мамлекеттик хореографиялык окуу жайга тапшырган[3]. 1943-жылдан баштап Кыргыз театрында балет бийчиси болуп иштеп баштайт.
1947-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынып[3], 1953-жылга чейин балерина катары Одетта-Одилия (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Зарема (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Анар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Анар»), Айдай (М. Раухвергер, «Чолпон»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Флорида (К. Делиб, «Коппелия») ж. б. ролдорду аткарган.
1953-1958-жылдар аралыгында Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтунда (ГИТИС) режиссёр - балетмейстер адистиги боюнча билим алган. 1959-жылы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы бийчи-коюучу кызматына дайындалган.
1970–72-жылдары Моңголияда балетмейстер, 1974–76-жылдары Вьетнамда балетмейстер-педагог болуп сабак берген. 1977–87-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алдындагы бий ансамблинин («Ак-марал») көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп иштеген.
Кыргыз опера жана балет театрында 1958-жылы Кара Караевдин «Чагылгандын изи менен», 1962-жылдан Штраустун «Чоң вальс», Аренскийдин «Египет түнү», Чайковскийдин «Франческа да Римини» балеттерин, Римский-Корсаковдун «Испан каприччиосу» миниатюрасын койгон. «Акмарал» бий ансамбли менен Бельгияда, Францияда, Данияда, Швецияда, Мозамбикте, КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон.
Сыйлыктары
түзөтүү1964-жылы Күлбүбү Мадемиловага Кыргыз ССРнин маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамы ыйгарылган.
1979-жылы хореография жаатындагы эмгектери үчүн Кыргыз ССРнин Эл артисти наамы берилген.
Өлүмү
түзөтүү2018-жылы 3 айдан ашык оору менен алышып, 27-июлда эртең мененки саат 6:00дө каза болгон.
Кыргыз ССРнин Эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 29-июлда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган[4].
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
- ↑ https://who.ca-news.org/people:26173?embed&pack=109
- ↑ https://www.kino-teatr.ru/teatr/acter/w/sov/351493/forum/
- ↑ 3.0 3.1 Уразгильдеев Р. Ее сценическое имя — Эркин // https://slovo.kg/?p=33683(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Масалиева Ж. Скончалась первая женщина-балетмейстер Кыргызстана Кулбубу Мадемилова // https://24.kg/obschestvo/92078_skonchalas_pervaya_jenschina-baletmeyster_kyirgyizstana_kulbubu_mademilova_/