Башбаракты ачуу

Мадонна (италянча madonna, viadonna – менин айымым) – католик дини өкүм сүргөн Италия жана башка өлкөлөрдөгү Кудай энесинин жана анын кичинекей Христ колунда турган, ыйык үй-бүлө менен, же башка ыйыктар жана донаторлор менен турган сүрөтү (живопись, скульптуралык же гравюраланган жана башкалар). М. деген ат Италия классикалык көркөм искусствосундагы башка шедеврлерге да тиешелүү («Сикстин мадоннасы», Рафаэль, 1515–1519, Дрездендеги картиналар галереясы; «Мадонна Медичи», Микеланджело, мрамор, 1524–1531, Сан-Лоренцо, Флоренция).

Колдонулган адабияттарОңдоо