Мады шаар калдыгы - 9–13-кылымына таандык археологиялык эстелик. Ош шаарынан 15 км чыгыш тарапта, азыркы Мады кыштагынын аймагында. Аянты 3 га. 10-кылымдагы араб географтарынын эмгектеринде Медва деген аталышта эскерилет. Академик В. В. Бартольд да Мады шаар калдыгы орто кылымдагы Медва шаарына окшоштурат. Мады шаар калдыгынын түштүк-батыш бурчунда чеп (азыркы бийиктиги 12 м) сакталып калган; ичинде турак жай жана чарба курулуштары болуп, айланта дубал менен курчалган. Мады шаар калдыгынын алгачкы маданий катмары Шоро-Башат маданиятына (биздин заманга чейинки 4–1-кылым), акыркы катмарлары 13–18-кылымдарга таандык. 1941-жылы археолог А. Н. Бернштам, 1956-, 1982-, 1984-жылдары археолог Ю. А. Заднепровский казып изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү