Кыскача өмүр жолу түзөтүү

Мажакыпов Тажыбай (1906, азыркы Ноокат району, Караван кыштагы. — 1985, ошол эле жерде) — тамеки өстүрүүчү, Социялистик Эмгектин Баатыры (1950)- Коллективдештирүү мезгилинде колхозго биринчилерден болуп өткөн. Адегенде катардагы колхозчу, 1936-жылдан тамеки өстүрүү бригадасынын бригадири болуп иштеген. 1949-жылы анын бригадасы 16 га аянттын ар гектарынан 19,34 цден пахта жыйнап алган.

Сыйлыктары түзөтүү

Ленин ордени, медалдар, Кыргыз ССР Советинин Ардак грамотасы, «СССРдин социалисттик айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси менен сыйлан.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.