Мажоритардык шайлоо тутуму

Мажоритардык шайлоо тутуму (фр. majoritee – көпчүлүк) – шайлоолор тутуму, мында өзү талапкерлигин койгон шайлоо округу боюнча көпчүлүк добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. М. ш. т. абсолюттук, салыштырма жана квалификацияланган (акыркысы сейрек колдонулат) деп бөлүнөт. Биринчи учурда баардык добуштардын жарымынан көбүн, экинчи учурда – калган баардык талапкерлерге карата көпчүлүгүн, үчүнчүсүндө – добуштардын жарымынан көбүн – 2/3, 3/4 алуу жетиштүү. М. ш. т. көп учурда пропорциялаш шайлоо тутуму менен айкалыштырылат (м.: РФде М. ш. т. көпчүлүгүнө салыштырмалуу Мамлекеттик Думанын курамынын жарымы, ал эми пропорциялаштык тутуму боюнча – башка).

Колдонулган адабияттар түзөтүү