Мазут - нефтиден бензин, лигроин, керосин жана дизелдик суюк фракцияны буулантып бөлгөндөн кийин калган кара күрөң, коюу суюктук. Тыгыздыгы 0,89–1,00 г/см3, күйүү жылуулугу 38 МДж/кг. Мазут майлуу (майлагыч майлар сырьёсу), майлагыч (экинчи сорттогу майлагыч) жана отун (жылытууда жана кыймылдаткычта форсунканын жардамы менен күйүүчү) болуп айырмаланат. Мазут химиялык курамы жана касиетине жараша буу казандары, өнөр жай мештери, газ турбиналары үчүн отун катары жана күйүүчү суюк мотор отунун, ошондой эле парафин, битум жана ар түрдүү минерал майларды алууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү