Майами – АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Флорида штатында. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 425,5 миң (2010, шаар агломерациясында 5,1 млн, АКШнын 12 ири агломерациясынын бири). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына 7,4 млн тонна жүк жана 4,1 млн жүргүнчү ташылган). 1895-жылы негизделген. Маанилүү соода-финансы борбору. Машина куруу (авиа, космос ракеталары), металл иштетүү, радиоэлектроника, авиация, полиграфия, тигүү, тамак-аш–татымал өнөр жай ишканалары, бир нече сигарет даярдоочу фабрикалар, медициналык жабдууларды жана аспаптарды чыгаруучу заводдор, зер буюмдар өндүрүшү иштейт. Университеттер, опера театры, сүрөт музейи, океанариум бар. АКШнын аскер-деңиз жана аба базасы. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. Шаардын айланасында жана шаарда 80ден ашык парк бар. Алигатор фермасы иштейт. Круиз саякатынын борбору. Жыл бою иштеген дүйнөдөгү эң ири климаттык курорттордун бири (жылына 5 млнго жакын турист келет). Туризм өнүккөн. АКШ спортунун борбору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү