Майда мөмөлүү дорема (лат. Dorema microcarpum, Korov) - Бийиктиги 1-1,5 м ге чейин жеткен, өзөк тамырлуу, монокарптуу, жалгыз сабактуу көп жылдык чөп өсүмдүк. Тамыр моюнчасындагы жалбырактарынын жалпы көрүнүшү жазы үч бурчтуктай, узундугу 15-30 см, үч, төрт ирет үчүлүк тилкелүү, жумуртка сымал же созулуңку- ланцеттей. Сабактагы жалбырактары өтө кичине. Чатырчалары кыска, узундугу 3-10 мм келген түксүз саптуу, ороочтору жок же өтө майда 2-3 жалбыракчалуу. Желекчелери сары. Мөмөлүгү түксүз, чөйчөкчө сымал, четине кеңейген мамычалуу. Мөмөсү түксүз, узундугу 4-7 мм, туурасы 3-4 мм, көрүнүшү жумуру же созулуңку, капталынан өтө жапырылган, ичке канат сымал кырдуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май-июнда гүлдөп, июнң-июлда мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Чаткал, Фергана жана Алай тоо кыркаларынын Фергана өрөөнүнө караган беттери.

Өсүү шарттары түзөтүү

Ачылган гипстүү жана чополуу жерлер, шагыл-таштуу жана таштуу беттер, конгломераттар, агын суулардын кургак, тик ылдый беттери, шифердей сланецтердеги эмефоиддүү жана ар түрдүү чөптүү, гипсти сүйүүчү өсүмдүктөрдүн жана ксерофит бадалдардын арасында деңиз деңгээлинен 700-1800 м бийиктиктерде өсөт.

Саны түзөтүү

Өтө аз санда, жалгыз түптөн учурайт. Түр жоголуу коркунучунун алдында турат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Антропогендик таасирлер.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Маалымат жок.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Санын тактап, атайлап өстүрүү зарыл.

Статусу түзөтүү

V U . Сейрек кездешкен эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү