Майлардын организмде иштетилүүсү жана сорулуусу

Майлардын организмде иштетилүүсү жана сорулуусу - майлар ичегиде фермент липазанын таасири менен, сары зил к-талардын (желчные кислоты) жардамы менен глицеринге жана май к-таларына ажырайт. Үч атомдуу спирт глицерин сууда жакшы эрүүсүнүн негизинде бат эле ичеги-карынга сорулат. Ал эми М. к-лары сууда жакшы эрибейт. Ошондуктан М. к-лары сары зил к-талары менен аракеттенишип, сууда жакшы эрүүчү эмульсияларды пайда кылат. Ацидоз оорусу организмде май алмашуу процесси бузулса, кетон денечелери (ацетон, ацетоуксус к-тасы жана башка). көбүрөөк бөлүнүп чыккан учурда пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү