Майлы-Сай минералдуу суусу

Майлы-Сай минералдуу суусу Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы дарылык касиети бар жылуу суу булактары. Жалал-Абад шаарынан 50 км түндүк-батыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин этегинде. Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте. Суу элге илгертен белгилүү. Алгачкы бургулоо жумуштары 1901-ж. жүргүзүлгөн. Минералдуу суу палеоген мезгилинин ар кандай калыңдыктагы (91-348 м) кумдук, конгломерат кабаттарында (Майлы-Сай антиклиналынын борбордук бөлүгү) жайгашып, тектоникалык жаракалар аркылуу жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Бургулоо көзөнөктөрүнөн чыккан суунун дебити 2-3,5 л/сек. Химиялык курамы боюнча көбүнчө хлорайонатрийлүү, гидрокарбонат-натрийлүү. Суунун температурасы 19 – 22°С, жалпы минералданышы 3,1 – 20,8 г/л. Булактын суусу түссүз, күкүртүү суутек жыттанат. Курамында H2S – 3,0 – 24,7 мг/л, көмүртек – 4,2 мг/л, азот – 3,5 мг/л, фенол – 10 мг/л. Кыргызстанда бирден бир күкүрттүү суутек-көмүртектүү суу. Тери жана муун ооруларын киринүү жолу менен дарылоого жарамдуу. Азырынча жергиликтүү эл гана медициналык кароосуз пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү