Майор
Майор (латынча major – чоң, улук) – Кыргызстанда жана айрым башка мамлекеттерде улук офицердин аскердик наамы. Капитан аскердик наамынан кийин турат. Майор наамы 16-кылымда алгач Испания жана Германия өлкөлөрүндө пайда болгон. СССР Куралдуу Күчтөрүндө 1935-жылы 22-сентябрда киргизилген. СССР АДФинде майор аскердик наамына 3-рангдагы капитан наамы тең болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7